ТҮЗӨТҮҮ АБАГЫ – КРде эрезеге жетип, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазаны мөөнөтүн өтөй турган түзөтүү мекемелеринин бир түрү. Ал жалпы, күчөтүлгөн, катуу, өзгөчө режимдеги абак болуп бөлүнөт.
ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИ – эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөөчү жай. КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдары боюнча Т. м-нин төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленген: үй камагы, жер чектөө камагы, түзөтүү абагы, тарбиялоо абагы, түрмө.